Аль-Азхар окуу программасы
Келечектеги ислам аалымдарынын Аль-Азхарда илим алуусуна колдоо көрсөтүү.
Программа жөнүндө
Биздин максат
Биз таланттуу студенттерге Aль-Азхар Университетинде ислам илимин изилдөөгө жардам беребиз. Финансылык тоскоолдуктарды жоюп, насаатчылык жол көрсөтүү аркылуу алардын илим алуусуна жана ак ниеттик менен өз коомуна кызмат кылуусуна колдоо көрсөтөбүз.
Программа эмнени камтыйт
Окуу жана университет төлөмдөрү (окуу өзү акысыз)
Сапар чыгымдары
Турак жай
Тамак-аш
Окуу материалдары
Даярдоо курстары
Каржылоо жеке жагдайларга жараша толук же жарым-жартылай болот
Кимдер тапшыра алат
Жашы: 18–25
Жашаган аймак: Учурда Кыргызстанда же Египетте жашайт
Билими & Мүнөзү : Күчтүү академиялык көрсөткүчтөр, жакшы жүрүм-турум жана коомчулукка багытталган максаттар
Каржылык муктаждык: Чыгымдар менен колдо болгон ресурстардын ортосундагы айырманын көрсөткүчү
Программага тапшыруу үчүн
1-кадам - Онлайн арыз
Анкетаны толтуруңуз
2-кадам - Интервью (онлайн же жеке)
Сиздин максаттарыңыз, даярдыктарыңыз жана муктаждыктарыңыз жөнүндө 20-30 мүнөттүк маек
Чечим маектешүүдөн кийин 2-4 жуманын ичинде электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт
Чечим жана кабыл алуу
Тандоо критерийлери
Финансылык муктаждык (35%) - документтер менен тастыкталган каржылык айырма
Академиялык даярдык (25%) – транскрипт, окуудагы жетишкендиктери
Максат жана ылайыктуулук (20%) – мотивация, Аль-Азхарга шайкештиги, коомдук пландар
Мүнөзү жана жүрүм-туруму (10%) – сунуштамалар, чын ыкластык
Тилдик даярдык (10%) - учурдагы деңгээл же талап кылынган деңгээлге жетүү үчүн план